Дарбанов Тургунбай

Википедия дан

Дарбанов Тургунбай 1931-жылы 5-майда Сузак районунун Беш-Бала айылында туулган.

1938-жылы Багышатындагымектептен7-классты, 8-9-10-класстарды Көк-Арт атындагы мектепте окуп бүтүргөн.1946-жылы “Красный Октябрь” газетасына жооптуу секретарь болуп ишке орношот.

1950-1952-жылдары армияда кызмат өтөйт.1955-1971-жылдары «Сталиндик жол» газетасынын атайын кабарчысы, 1971-1975-жылдары клуб башчысы, парктын директору, 1975-1979-жылдары Октябрь айылдык кеңешинде секретарь, 1979-жылы “Айыл чарба, суу менен камсыздоо» ишканасынын башкаруучусу болуп дайындалат.

Андан кийин көп жылдар “Ленин Жол” газетасында редактор болуп эмгектенет.Коомдук иштерде үзурлүү эмгектери үчүн бир нече Ардак грамоталарынын ээси болгон, ошону менен бирге айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.1984-жылы эмгек ардагери медалы менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3