Дарыларды сактоо

Википедия дан

Дарыларды сактоо - Ар бир үй-бүлөдө үй аптечкасы бар. Эгер дары үйдө көпкө турса, алар күн нурунун, нымдын, жылуулуктун жана башка таасиринен бузулуп, кээде таасирсиз же уулуу продуктулар пайда болот. Ошондуктан дары сактоо эрежелерин колдонуу өтө зарыл.

Бардык дарынын этикеткасы болот. Заводдон чыккан этикеткасында дарынын канча убакытка жарай тургандыгы белгиленет. Эгер ал мөөнөт берилбесе, аны 5 жылдан көп сактоого болбойт. Дарынын этикеткасында мындан башка сактоо шарты (салкын, күн тийбеген жерде сактоо) белгиленген. Дарынын этикеткасында «Уу», «Абайлап колдонгула», «Оттон сактагыла», «Балдардан сактагыла» деген жазуулар болсо, андай дарыларды өзгөчө шартта сактоо зарыл. Аптекада даярдалган дарыларды тез пайдалануу керек. Мисалы, көзгө тамчылатуучу дарылар, эритмелер, маңыздар аптекадан эки күндөн, эмульсия, суспензия 3 суткадан өтпөй, калган дарылар 10 күндүн ичинде алынышы керек. Маңыздар тез бузулат, бөлмө температурасында 2-3 күн, муздаткычта 5-6 күндөй сакталат. Маңыздар бузулганда чаңгылт болуп, үстүнө кебер калкып калат. Пенициллинден даярдалган эритмелер, дары майлар бат бузулат, аларды 7 -10 күндүн ичинде пайдалануу керек. Ар бир жарым жылда аптечкадагы дарыларды текшерүү зарыл. Эгерде дарылар этикеткасыз же жазуусу билинбей, ошондой эле сырткы көрүнүшү өзгөрүлсө, жарактуу мөөнөтү өтсө, аларды таштоо керек.

Дарыларды туура эмес сактоо кырсыкка учуратышы мүмкүн. Уулуу заттарды, ичилүүчү жана сыйпалуучу (балдардыкы өзүнчө) дарыларды өзүнчө бөлүп коюу зарыл. Үй аптечкасы үчүн атайын кулпулуу шкаф керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8