Дары баткактар

Википедия дан

Кыргызстанда дарылык касиетине ээ баткактын 10дон ашуун кени чалгындалып, көбү пайдаланылууда.

Алар негизинен илээшкек-ылай жана илээшкек-чым көңдүү баткактарынан туруп, Ысык-Көл аймагында (Кызылсуу, Жыргалаң, Карой, Күрмөнтү, Тамга, Чолпоната, Чайка кендери), Чүй өрөөнүндө (Камышановка, Луговой кендери) ошондой эле Жалалабад облусунда Жалалабад кени бар. Республиканын бальнеологиялык мекемелеринде кеңири керектелет. Дары баткактардын запасы 5 млн м3ден ашуун.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]