Дары майлар

Википедия дан

Дары майлар — бир өңчөй, бүртүксүз жумшак массалар. Алардын составына дары заттар жана дары майдын негизи (формага келтирүүчү заттар) кирет. Дары майдын негизин вазелин, ланолин (койдун жүнүн жууганда чыгуучу зат), парафин, мом жана башка түзот. Дары майлар (териге же көзгө, мурунга) сыйпоого колдонулат. Кээде тери аркылуу жеңил сиңүүчү дарыларды берүү үчүн да дары майлар жасалат. Алар ички органдардагы патологиялык процесске таасир этүүчү максатта сыйпалат. Дары майлар оозу бекитилген банка же сыкма идиште салкын жерде сакталат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8