Ички органдар

Википедия дан

Ички органдар негизинен көкүрөк жана ич көңдөйүндө жайгашат.

Ага тамак сиңирүү системасы, дем алуу системасы жана заара-жыныс системалары кирет. Бул органдардан турган ар бир система кишинин жашоосу үчүн эң керектүү болгон белгилүү функцияны аткарат. Тамак сиңирүү системасы белгилүү органдардан (тиш, тил, шилекей бездери, кулкун, кызыл өңгөч, карын, ичке ичеги жана жоон ичеги, боор, уйку бези) туруп, киши тамактанган азыктарды майдалап, химиялык жактан иштетет, сиңирет жана сыртка бөлүп чыгарат.

Дем алуу органдары (мурун, мурундун кошумча кобулдары, кулкун, көмөкөй, кекиртек, бронхтор жана өпкө) кычкылтекти ткандарга жеткирип, ал эми алардан көмүр кычкыл газды сыртка бөлүп чыгаруу милдетин аткарат.

Заара-жыныс системасы болсо заара жана жыныс органдарынан турат. Заара органдарына бөйрөк, заара агуучу түтүктөр, табарсык жана заараны сыртка агызуучу түтүк кирет. Бул органдардын негизги милдети — алгачкы жана акыркы заараны пайда кылып, аны сыртка бөлүп чыгаруу. Жыныс органдары эркектики жана аялдыкы болуп экиге бөлүнөт. Жыныс органдары кишинин тукумун сактап калуу (көбөйүү) милдетин аткарат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8