Дары шыраалжаң

Википедия дан

Дары шыраалжаң (Pedicularis) -көңүл гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу.

Көп жылдык, айрымдары - бир жылдык чөп. Жалбырагы татаал, сабакка кезектешип, тушташ же кылка жайгашкан. Гүлү туура эмес түзүлүштүү, топ гүлү машакчадай, тогологураак, манжадай кылкалуу. Мөмөсү - кутуча. Мелүүн алкактарда 600гө жакын түрү таралган.

Дары шыраалжаңдын - Кыргызстанда 28 түрү өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.