Дастин Хоффман

Википедия дан

Дастин Ли Хоффман (англ. Dustin Hoffman;1937-жылдын 8-августунда туулган) - америкалык актер, анын карьерасы кино, телекөрсөтүү жана 1960-жылдан тарта театр менен байланыштуу. Хоффман ар түрдүү терс каармандардын жана аялуу, алсыз, жоош-момун каармандардын ролдорун ийнине жеткирип ойногону менен белгилүү. Актер "Крамер Крамерге каршы" ( англ. Kramer vs. Kramer, 1979) жана “Жамгыр адамы” (англ. Rain Man, 1989) тасмаларында “ Эң мыкты актер” номинациясында “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгон.

Тарыхта калган кайталангыс актерлордун катарын толуктап турган Д. Хоффман "Э?" (англ. Eh?) драмасындагы оюну үчүн кино сынчыларынын татыктуу баасына арзыган жана Дүйнөлүк театр сыйлыгын жана Драма Деск сыйлыгын алган. Мындай ийгиликтин артынан ал 1967-жылы “Бүтүрүүчү” (англ. Graduate) тасмасынде башкы каарман Бенжамин Брэддоктун ролун ойногон. Ошол мезгилден тарта актер өзүнүн чыгармачылыгын кино тармагында улантып, айрым гана учурларда теледе жана театрда ойноп турган. Д. Хоффмандын белгилүү тасмаларине “Түнкү ковбой” (англ. Midnight Cowboy), “Кичинекей чоң адам” ( англ. Little Big Man), “Саман иттер” ( англ. Straw Dogs), “Кичинекей көпөлөк” (англ. Papillon), “Ленни” (англ. Lenny), “Марафончу” (англ. Marathon Man), “Президенттин бардык адамдары” (англ. All the President's Men), “Крамер Крамерга каршы (англ. Kramer vs. Kramer), “Сүйкүмдүү Тутси” (англ. Tootsie), “Жамгыр адамы” (англ. Rain Man), “Капитан Хук” (англ. Hook) жана “Жазгыруу” (англ. Wag the Dog) сыяктуу тасмалар кирет. Актер 2012-жылы “Квартет” (англ. Quartet) тасмасыне режиссерлук кылган.

Актер эки жолу “Оскар” сыйлыгын жеңип алуудан сырткары беш жолу бул сыйлыкка кайра көрсөтүлгөн, он үч жолу “Алтын глобус” сыйлыгына көрсөтүлүп, аны алты жолу уткан. Төрт жолу Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын, үч жолу, Драма Деск сыйлыгын, эки мертебе "Эмми" сыйлыгын жана бир жолу "Жени" сыйлыгын алган. Дастин Хоффман Америка кино искусство институтунун (AFI Life Achievement Award) сыйлыгына 1999-жылы татыктуу болсо, Кеннеди борбору сыйлыгына 2012-жылы арзыган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]