Даш казан

Википедия дан

Даш казан (иранча ылайдан же кыштан жасалган очок, кемеге) — чоң казан. Д. к. очокко, чоң кемегеге асылчу зор казан. Тил угуму окшош келип кыргыз тилинде таш казан (көчмөн элде таштан каланган очок кеңири тараган), тай казан (той казан), жоокердик турмушта жан казан жана башкалар аталган бир топ түрлөрү бар. Эпосто Д. к. метафора катары салыштырып сүрөттөөдө колдонулат. Мисалы, калмак каны Жолой "Козголуучу дөө эмес, Даш казандай башы бар" (С, 3. 183),— деп сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4