Даңгыт

Википедия дан

Даңгыт этноним. "Манас" эпосунда бирде Дүбүрөкан, Кайыпкан сыяктуу кадимки эле жердик адамдардын, бирде Чоюн алп сыяктуу мифологиялык кейипкердин эли катары айтыла берет. Д. жөнүндөгү кеңири кабар Манастын Дүбүрөкан менен болгон согушунда баяндалат. Манас он бир Дуу-дууну караткандан кийин көп кол менен жортуулга чыгып, пил минип урушкан Д. элин багындырат, айрыкча анын Дөбөт деген баатыры менен жекеме-жеке кармашы катуу болуп күнү-түнү салгылашып жеңет. Д. эли Кашкардан түштүккө жол жүргөндө Ималайдын чыгышында Индыстанга жакын жерде жашашат. Эпостогу бул маалыматтарга таянып Д. эли географиялык-тарыхый реалияда Тибетте жашаган тангут эли экенин болжоого болот. Мында тангут кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылып Д. деп берилсе, алар жашаган чөлкөм Тибет персонофикацияланып Дөбөт баатыр (байыркы кыргыздар Тибетти Түпүт деп айтышкан, демек, Түпүт баатырдын өзгөрүлүшү) деп берилген. Орхон-Эне-Сай жазууларында көрсөтүлгөндөй (мисалы, Алтын-Көлдөн табылган кыргыз элчиси Эрем-Улугдун эстелигиндеги маалыматта) кыргыздардын түпүттүктөр менен ар түрдүү алакасы 8-кылымда башталган. А. Н. Бернштам 8-кылымдын аягында Чыгыш Түркстан жана Тибетке жакын жерлерде кыргыздар жашаганын Тибет документтеринде жазылганын эскерет, С. Абрамзон азыркы мезгилде кыргыздардын айрым бөлүктөрү Кашмир, Тибетке жакын жайгашканын көрсөтөт. Демек, эпосто ушул байланыштар эпикалык планда чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4