Да Винчинин коду

Википедия дан

"Да Винчинин коду" (англ. The Da Vinci Code) — Дэн Браундун 2004-жылы жарык көргөн сырдуу детектив жанрындагы романы. Белгилерди изилдөөчү Роберт Лэңдон менен криптолог Софи Невөнүн окуясына окурмандарды жетелейт. Иса Машаяк менен магдалалык Мариямдын ыктымал өнөктөш болгону тууралуу талашып-тартышкан Сион приораты менен Опус Деинин жаңжалына аралашып калган окумуштуулардын окуясы Париждеги Лувр музейинде киши өлтүрүүдөн кийин башталат. Романдын аталышы, башка нерселер менен катар, Луврдагы улуу галереяда киши колдуу болгон биринчи курмандыкты табуу менен байланыштуу болуп саналат. Леонардо да Винчинин "Витрувиалык киши" аттуу белгилүү сүрөтүнө окшоштуруп жылаңачталган сөөктүн арт жагында сырдуу билдирүү жана көкүрөгүндө өз каны менен пентаграмма тартылган болот.

Роман альтернативдик дин тарыхын изилдеп, борбордук мазмуну Франциянын Меровиң падышалары Иса Машаяк менен магдалалык Мариямдын тукумунан келген деген идеяны камтыйт. Бул идеялар Клайв Принстин "Тамплиерлердин жаңылыгы" (1997) жана Маргарет Старбөрддүн китептеринен алынган. Китеп "Ыйык кан жана ыйык чыны" (1982) китебине да кайрылганы менен Дэн Браун анын изилдөө материал катары пайдаланылбаганын айткан.

"Да Винчинин коду" Ыйык чыны уламыштары жана христиан дининдеги магдалалык Мариямдын ролу жөнүндө элдик божомолдордун пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Бирок китеп көптөгөн христиан агымдары тарабынан катуу айыпталып, Рим католик чиркөөсүнө чабуул катары кабыл алынган, ошондой эле тарыхый жана илимий жактан такталбаган маалыматтар үчүн дайыма сынга алынып келген. Ошого карабастан роман дүйнө жүзүндө бестселлерге айланып, 2009-жылга карата 80 миллион нускада сатылган жана 44 тилге которулган. Детектив, триллер жана конспирологиялык көркөм жанрлар айкалыштырылган бул эмгек Браундун экинчи романы. Биринчиси 2000-жылы "Периштелер жана жиндер" деген аталыш менен жарык көрүп, анда да башкы каарман Роберт Леңдон болгон. 2004-жылдын ноябрында Random House басмаканасы "Атайын иллюстрацияланган басылышын" 160 сүрөт менен жасалгалап басып чыгарган. 2006-жылы Columbia Pictures компаниясы тарабынан китептин негизинде тасма жарык көргөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]