Дегембаева Татина

Википедия дан

Дегембаева Татина (1920-ж. төрөлгөн, Сокулук району, Шалта кыштагы) – кызылчачы, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1977). Эмгек жолун 1935-ж. Белек кыштагында колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1948–80-ж. Москва районундагы «Дружба» колхозунда кызылча өстүрүү боюнча звено башчысы. 1977-ж. анын звеносу 170га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 702 цден түшүм жыйнап алган. 1975–84-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.