Дезинфекция камерасы

Википедия дан

Дезинфекция камерасы - кийим, төшөнчү-орун жана башка буюмдарды дезинфекциялоо жана дезинсекциялоо үчүн жасалган установка.

Дезинфекция камерасы дезинфекциялык станция, санитардык жай, оорукана, өнөр жай ишканалары жана башка жерлерде орнотулат. Дезинфекция камерасы буу, жылуу кургак аба, буу формалин жана газ толтурулган деп белүнөт.

Буу дезинфекция камерасында 100°С температурадагы суу буусунун агымы, жылуу кургак аба дезинфекция камерасыда ысык аба, буу формалин дезинфекция камерасыда 60- 70°Сдеги буу формалиндин эритмеси, газ дезинфекция камерасында газ түрүндөгү химиялык заттар (формалин, күкүрттүү газ ж. б.) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.