Дезурбанизм

Википедия дан

Дезурбанизм (дез жана лат. urbanus - шаардык) — 20-кылымдын шаар куулушундагы ири шаарлардын социалдык ролун, прогрессчил жактарын жокко чыгарып, калкты топ-тобу менен калаанын чет жакаларына жайгашууга үгүттөгөн багыт.

Ал шаар менен кыштактын ортосундагы карама-каршылыктын жана капит. шаардагы кризистин курчушунан пайда болот.

Дезурбанизм идеялары 19-кылымдын башында эле социалдык утопияларда байкала баштаган. 1920-жылдын аягында айрым советтик архитекторлордун (М. Я. Гинзбург, М. О. Барщ ж. б.) чыгармаларына да таасир эткен. Дезурбанизм идеялары Ф. Л. Райттын «Жоюлуп бараткан шаар» (1932) жыйнагында кыска жана так берилген. Ал өзүнүн шаар куруу долбоорунда (1935) турак жай жана коомдук курулуштарды а. ч. жерлерине курууну сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]