Дейди кызы Сейде

Википедия дан

Дейди кызы Сейде (1881 – 1946)

Дейди кызы Сейде 1881-жылы Наманган уездине караштуу Багыш болуштугундагы Жампа-Салды айылында туулган.

Атасы саруу уруусунан чыккан, Аксы менен Арпага аты угулган чечен, өнөрпоз адам болгон. Дейдинин үйүнө маал-маалы менен Кыдыраалы манасчы келип, “Манас” айтып турчу экен. Дейди өнөрпоз болгондуктан: Тогуз-Торо, Жумгал, Кочкор, Ысык-Көл, Ташкен, Түркстан, Самарканга чейин барып, эл кыдырат. Барган жеринин баарына кызы Сейдени ала жүрөт. Атасын ээрчип жүргөн кызы, ыгы келген жеринен “Манас” айта салчу болот. Ошентип, эл ичинде Сейденин өнөрү кеңири тарап, көпчүлүккө белгилүү боло баштайт. Жашы он бешке келгенде Сейдени күйөөгө узатышат. Кайната-кайненеси динчил адамдар болгондуктан, “шайтаны бар экен” деп, кагып-силкип, “Манас” айтышына каршы чыгышат. Сейде мындай кордукка чыдай албастан качып кетет да, атасынын колуна барат. Кийин Устажолдош деген төкмө акынга турмушка чыгат. Күйөөсү Сейденин өнөрүн туура кабыл алып, а түгүл чыгармачылык тыгыз байланыш түзүшөт. “Эл оозунда элек жок” дегендей, эл ичинде өйдө-төмөн сөз жүрүп, молдо-эшендер: “... аял “Манас” айтса, аны арбак уруп кетет, а түгүл жакындарын да арбак урат” – деп, коркутушат. Сабыр деген эшен Сейдеге эл алдында “Манас” айтпоого касам ичирет. Бирок Сейде үйдө эч ким жокто коргондун дарбазасын бекитип, небереси Калмуратты кароолго коюп күнү кечке, түнү бою “Манас” айтып чыгат. Небереси Рыскул уулу Калмураттын айтканына караганда, чоң энеси “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кенен”, “Алымсарык” эпосторун айткан экен. Сейдеден 3 басма табак көлөмүндө жазылган “Манастын Ферганага калаа курдурганы” деген үзүндү Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Дейди кызы Сейде 1946-жылы дүйнөдөн кайткан.

Буулак:К 97 Кыргыз элинин манасчылары:Маалымдама китеп. – 1-чыг., Түз.: Т.Бакчиев, Р.Исаков. – Б.: Кыргызпатент, 2010 – 96 б.