Декалькомания

Википедия дан

Декалькомания - атайын кагазга басылган сүрөттөрдү башка буюмдарга (кагаз, металл, фарфор ж. б.) көчүрүүнүн полигр. ыкмасы.

Декалькоманияны орус художниги А. И. Теребенов 1840-ж. ойлоп тапкан. Декалькомания колдонулуучу кагаздын бетине желим сүйкөлөт. Сүрөткө сүйкөлгөн боёк кагазга жетпей желимдин үстүнкү катмарында калат. Кагаздын сырткы бетин нымдап же ысытканда аныи бетиндеги желим жумшап эрип, сүрөттөр башка буюмга оной эле көчүрүлүп алынат.

Декалькомания өнөр жай товарларына белги салууда, карапа буюмдарга гүл түшүрүүдө жана кочүрмө (балдар үчүн) сүреттөр даярдоодо колдонулат. Ал эми көп түстүү сүрөттөрдү басуу литография жолу менен аткарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.