Декларатив тили

Википедия дан

Декларатив тили (Declarative markup Language, DML), жарыя тил – текст иштетүүдө текст бөлүктөрүн белгилөөчү жана калыптоочу коддор системасы. Бул тил тексттин бөлүктөрүн, мисалы, документти киргизүү, баштоо, автордун аты сыяктуу айрым фрагменттерин атайын белгилер менен белгилейт. Документтин бөлүгүн калыптоо программанын парсер (синтаксис анализдегич) деп аталган бөлүгүнө тапшырат, ал калыптанган документти чагылдырат жана документтин бул бөлүгүн белгилөө менен ага мүнөздүү көрүнүш берет. DMLдин эл аралык стандарты SGML (Standard Gene-raliяed Mаrkup Language) тилинин жалпыланган стандартынын негизинде түзүлөт. DML менен HTML (Гипертекст документтерин даярдоо тили) тилинин ариби, жайгашуусу, түсү жана башка көп болгондуктан, web-документтерди түзүүдө кеңири колдонулат. HTML документтин бөлүктөрүн белгилөөчү декларатив тили браузер тарабынан колдонулат жана чынында анын парсери болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия