Декстриндер

Википедия дан

Декстриндер (лат. dexter - оң) - амилаза тибиндеги ферменттердин таасири менен полисахариддердин ферменттик гидролнзинен пайда болгон аралык продукт.

Ал - анча-мынча калыбына келтиргач касиети бар коллоид эритмелерин пайда кылуучу аморфтуу зат. Декстриндер гидролиз стадиясынын башталышында йод менен кошулганда көк түскө келүүчү амплодекстринди жана йод менен боёлбоочу мальтодекстринди, эритродекстрпндерди пайда кылат.

Декстриндердин андан ары бөлүнүшу дисахариддердин, көбүнчө мальтозанын, андан кийин моносахариддер дин түзүлүшүнө алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.