Делафондиоз

Википедия дан

Делафондиоз (Delaаondiosis) – сыңар туяктуу малдын гельминтоз ылаңы. Нематода (Delaаondia vulgaris) пайда кылат. Анын курту агыш-саргыч келип, эркегинин узундугу 14–16 мм, ургаачысы 20–24 мм. Көбүнчө жылкы ылаңдайт. Курт жоон ичегинин чычыркай майындагы кан тамырларда мителейт. Жоон ичегиде ургаачысы жумуртка таштап, ал эки баскычтан өтүп чоңоёт. Личинкалары малдын заңы менен кошо сыртка чыгат. Айрым курттары боор, өпкө, лимфа түйүнүнө өтүп, канды уютат. Делафондиоз бардык жерде кездешет. Ылаң оор жана жеңил түрдө өтөт. Чоң жылкынын чычыркай майындагы кан тамырды личинка бөгөп, жылкы тынчсызданып, жаталактайт. Ичи көөп, денеси калтырап, карышып, өлүмгө учурайт. Ылаңдатпоо үчүн малды бир жылда эки жолу (апрель, октябрь) дегельминттөө, ошондой эле короо-сарайды, урунган куралдарды таза кармоо, жылкы асыроодо жайытты алмаштырып туруу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия