Делбек тантал-ниобий кени

Википедия дан

Делбек тантал-ниобий кени Баткен облусунда , Ак-Терек суусунун сол куймасы болгон Делбек сайынын капталдарында, деңиз деңгээлинен 2200–4000 м бийиктикте. 1988–89-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин гранит-сиенит интрузиясы, дайкалары жиреп чыккан силурдун метаморфизмделген кристаллдык сланецтеринен, кварциттеринен түзүлгөн. Кен Матчай интрузия массивинин түндүк-чыгыш контактысына туура келет. Рудалык метасоматиттер тектоникалык талкаланган зоналарды түзөт. Метасоматиттердин үч тиби аныкталган: фениттер, альбититтер жана карбонаттык метасамотиттер. Кендин негизги рудалык минералы–пирохлор. Рудадагы тантал кычкылынын өлчөмү 0,047–0,067%, ниобий кычкылынын өлчөмү 0,011%. Руданын болжол ресурсу 88248,0 миң т, тантал кычкылыныкы - 56134 т, ниобий кычкылыныкы - 9707 т. Андан башка сейрек жер металлдарынын кычкылынын 22062 т жана цирконий кычкылынын 9707 т, ресурсу эсепке алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]