Делиб Клеман Филибер Лео

Википедия дан

Делиб Клеман Филибер Лео (21. 2. 1836, Сен-Жермен-дю-Валь – 16. 1. 1891, Париж) – француз композитору, Париж консерваториясынын профессору (1881). Франция институтунун мүчөсү (1884). Париж консерваториясында окуган. 1853–72-жылдары опера театрында аккомпаниатор, чиркөөдө органист, 1865–72-ж. «Гранд-Опера» театрында экинчи хормейстер. «Булак» (Л. Минкус менен бирдикте, 1866) жана Адандын «Корсар» балетиндеги (1867) дивертисменттин музыкасы менен белгилүү болгон. Делибдин «Коппелия» (1870), «Сильвия» (1876) жана башка балеттери коомчулукка кеңири таанымал. Композитордун опералык чыгармаларынын эң көрүнүктүүсү – «Лакме» (1883). Делибдин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Корсар», «Коппелия» балеттери, «Лакме» операсы коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия