Демагогия

Википедия дан

Демагогия (байыркы грек. δημαγωγία «элди башкаруу; элге жагынуу»)– сөз жүзүндө элдин таламын талашымыш болуп, иш жүзүндө башка максатты (жакшы көрүнүү же башка мүдөө үчүн) көздөгөн иш-аракет. Демагогия көшөкөрдүк түшүнүгүнө жакын. Калктын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын реалдуу суроо-талаптарын алдын ала билип алып, ошолорду ишке ашыруу керек деген ураанга жамынып, өзүнүн (топтун) социалдык же саясий максатын көздөгөн ач көздүк аракеттери менен белгилүү болгон, өзүнүн накта жүзүн, чыныгы максаттарын жашырган көшөкөр саясатчылар демагогиянын «чеберлери» да болушат. Алар калпты чындай кылып айтууга, жарамсыз нерсени кооздоп, жарактуу кылып көрсөтүүгө, көз көрүнөө алдоого, элдин ишенимине кирип, аны өз максатына кыянаттык менен пайдаланууга өтө маш келишет.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8