Көйгөй
Көйгөй – адамда болгон зарыл каражаттардын (белгилүү даражадагы билим, тажрыйбалык ыкма, изденип эмгектенүүнүн тажрыйбасы) негизинде чыгаруу үчүн адам тарабынан кабыл алынган проблемалуу жагдай. Окуучунун турмуштук тажрыйбасына жана үйрөнүүчү объект жөнүндөгү анын билимине байланышпаган суроо (көйгөйлүү жагдай) ал үчүн көйгөй боло албайт. Демек, тигил же бул көйгөйлүү жагдай (суроо же маселе) көйгөйгө айланышы үчүн ал суроону чечүүгө керектүү каражаттар (белгилүү даражадагы билим, изденип эмгектенүүнүн тажрыйбасы) адамда сөзсүз болууга тийиш. Мына ушул каражаттардын негизинде гана адам айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды жана законченемдүүлүктөрдү туюнуп-билүү процессинде келип чыгуучу көйгөйлүү жагдайды чече алат (кыйынчылыктан чыгуунун буга чейин белгисиз болгон жолун издеп таба алат). Демек, көйгөй деп – окуучунун өз алдынча изденүү активдүүлүгүнүн натыйжасында чыгарылуучу практикалык же теориялык кыйынчылыктуу суроону (маселени) түшүнөбүз. Ошентип, көйгөй – чыгарууга, үйрөнүүгө жана изилдөөгө берилген теориялык же тажрыйбалык татаал суроо (маселе же тапшырма). Бирок, көйгөй жөн эле татаал суроо эмес.
Көйгөй – бул, бир жагынан алганда, окуучунун билиминен келип чыгуучу жана ага таянуучу, экинчи жагынан алганда, окуучунун билиминин анча толук эместигин, үйрөнүлүүчү объект жөнүндөгү анын билимин толуктоо үчүн андан аркы изденүүлөрдү жүргүзүү зарыл экендигин көрсөтүүчү суроо болот.
Мына ошентип, көйгөйлүү жагдай менен көйгөй бири-биринен айырмаланат: ар кандай эле көйгөйлүү жагдайда көйгөй боло бербейт, тескерисинче, ар кандай көйгөйдө көйгөйлүү жагдай сөзсүз болот. Окутуу тажрыйбасында мугалимдин берген суроолору көп учурда өздөрүнүн мазмуну боюнча окуучуларга түшүнүктүү болуп, алар үчүн кандайдыр бир кыйынчылыкты түзөт, бирок ал суроолорго издеп жооп табуу окуучулардын колунан келбейт. Ошондуктан мындай суроолор окуучулар үчүн көйгөйлүү жагдай гана болуп көйгөйгө айланбай калат. Мисалы, физика мугалими окуучулардын алдына: «Эмне үчүн бийик тоолордо адам түтөгүп (дем алуусу начарлап) ооруйт?» – деген суроону коёт дейли. Эгерде бул суроо басым түшүнүгү жөнүндөгү тиешелүү тема өтүлө электе коюлса, анда ал суроо өзүнүн мазмуну боюнча окуучуларга түшүнүктүү болуп турганы менен алар үчүн проблемалык жагдай гана болот, бирок көйгөй боло албайт, анткени окуучуларда ал суроону чечүүгө керектүү каражаттар (билим, тажрыйба) азырынча жок, ошондуктан окуучуларга ал суроонун жообун азырынча мугалим өзү түшүндүрүп берет. Эгерде ошол эле суроо окуучуларга басым түшүнүгү жөнүндөгү тиешелүү тема өтүлгөндөн кийин берилсе, анда проблемалуу жагдайды ичине камтыган ал суроону окуучулар өздөрү чечиши мүмкүн, демек ошол эле суроо алар үчүн көйгөй болуп эсептелет.
Туюнуп-билүү маселеси (же окуу проблемасы) деп берилген шарттарда же берилген параметрлерде чыгарылуучу көйгөй түшүнөбүз. Окуучунун билгендери менен анын дагы билгиси келгендердин арасындагы карама-каршылыктан келип чыгуучу көйгөй дал ушундай маселенин мазмунун түзөт. Демек, ар кандай туюнуп-билүү маселесинде көйгөйдүү сөзсүз камтыган болот, бирок тескерисинче эмес. Көйгөй чечүүчү үчүн адам адегенде аны белгилүү параметрлердеги маселеге айландырууга тийиш
Туюнтуп билүү маселесинин эң негизги белгиси – бул белгилүү менен белгисиздин ортосундагы, башкача айтканда окуучулардын билгендери менен дагы билгиси келген фактылардын арасындагы карама-каршылык болуп эсептелет. Мына ушундай карама-каршылык окуучунун ойлоосун алга жылдырып өстүрөт. Өсүү дегенибиздин өзү карама-каршылыктардын күрөшү болуп эсептелет. Ошондуктан ойлонгон адамга карама-каршылыктын келип чыгышынын өзү – бул баарыдан мурда адат болуп калган эски аракеттер менен чечилбей турган көйгөйдүн пайда болушунун билдирет. Окуучунун билгени менен билгиси келген фактылардын арасындагы карама-каршылык аны өз алдынча чыгармачылык менен эмгектенүүгө, жетишпеген белгисиздерди издеп табууга, изденүүгө аргасыз кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,