Демирчян Дереник Карапетович

Википедия дан
Дереник Демирчян музей

Демирчян Дереник Карапетович - [6(18). 2. 1877, Ахалкалаки – 6. 12. 1956, Ереван] – армян жазуучусу, Армян ССР ИАнын академиги (1953). Женева университетин бүтүргөн (1909). Чыгармалары 1893-жылдан жарыялана баштаган. «Лэнк-Тимур» тарыхый-баатырдык поэмасында, «Скрипка жана чоор», «Артыкбаш», «Жылмаюу», «Динчил» аңгемелеринде кедей-кембагалдардын таламын талашкан. 1920–30-ж. жазылган «Эс алуу үйүндө», «Мерке», «Сато», «Рашид», «Нигяр», «Жолдоштор» деген аңгеме, повесттеринде, «Наполеон Коркотян», «Капутан», «Туулган өлкөм» аттуу пьесаларында Демирчян революциячыл күрөштү, карапайым элдин эмгегин даңазалайт. «Вардананк» тарыхый романынын (1943–46), ошондой эле бүтпөй калган «Месроп Маштоц» романынын автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1