Демократиялык кыймылдар

Википедия дан

Демократиялык кыймылдар - азыркы мезгилдеги коомдук өнүгүүнүн эң башкы кыймылдаткыч күчү.

Прогрессивдүү реформаны жүргүзүү, глобалдык, регионалдык жана улуттук проблемаларды чечүү Демократиялык кыймылдардын максаты болуп саналат. Коомдук өз алдынча ишмердикке ээ социалдык таптар, ассоциациялар, коалициялар, союздар, козголуштар Демократиялык кыймылдардын структурасын түзөт. Демократиялык кыймылдар өзүнүн өнүгүшүндө бир нече этаптарды басып өткөн акыркы жылдары пайда болгондору: «жаңы демократтык кыймыл», «жаңы социалдык кыймыл», «Кыргызстан демократтык кыймылы» ж.б.

Демократиялык кыймылдардын багыттары төмөнкүчө:

  • максаты боюнча - тоталитардык саясий системада, авторитардык режимдерге каршы кыймыл, согушка каршы, экологиялык кыймылдар;
  • социалдык жана улуттук курамы боюнча - жумушчулардын, дыйкандардын, интеллигенциянын, улуттук топтордун, аялдардын, жаштардын жана студенттердин, диндик уюмдардын кыймылдары;
  • радикализм деңгээли жана массалык акцияларды пайдалануу боюнча - демонстрациялар, митингдер, иш таштоолор, парламентаризм мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
  • аймактык-географиялык белгилери боюнча - глобалдык, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө;
  • улуттук мамлекеттин рамкасында ж.б.

Демократиялык кыймылдар өзүнүн өнүгүшүндө жаралуу, түзүлүү, жетик, максималдуу активдүүлүк этаптарын, ал эми өзүнүн жашоо булагы түгөнгөн кезде төмөндөө жана тарыхый аренадан жок болуу этаптарын башынан кечирет. Бүгүнкү күндө тоталитаризмге каршы, согушка каршы, улуттук-боштондук, экологиялык кыймылдар күчөп баратат. Демократиялык кыймылдар Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизди. «Ашардан» бөлүнүп чыккан Кыргызстан демократтык кыймылы тоталитаризмден демократияга өтүүдө негизги ролду ойноду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8