Демократиянын заманбап теориялары

Википедия дан

Демократиянын заманбап теориялары - демократиянын маңызын туура түшүнүү үчүн коомдук өнүгүү жүрүшүндө пайда болгон жана өркүндөгөн демократия теорияларына кайрылабыз.

XX к. 2-жарымында демократияны элитардык, плюралисттик, партиципатордук жана полиархия деп түшүндүргөн багытгар бөлүнүп турат. Демократияны элитардык деп атоо башкаруучулардын аздыгынан (элитадан) келип чыккан. Элдин баркы шайлоолорго катышуу, элитаны жаңыртып, алмаштырып туруу менен чектелген. Эл бийлиги шайланган элитанын бийлиги менен алмаштырылган. Демократиянын элитардык теориясын жактоочулар, анын ичинде И.Шумпетер (1883-1950), демократиянын маңызын атаандашуу аркылуу өткөн топтун бийликке жетишинен көргөн. Шумпетердин пикири боюнча эл түздөн-түз бийликке ээ боло албайт, ошондуктан демократияны эл бийлиги деп атоо туура эмес. Көпчүлүк саясатка даяр эместигинен жана иш билбестигинен улам жигердүү катыша албайт. Алар бардык саясий иштерди аткаратургандарды гана шайлап бериши керек. Шумпетердин демократиялык теориясында эл бийлиги шайланган элита бийлиги менен алмаштырылат.

Плюралисттик демократиянын маселелери боюнча классикалык эмгек катары А.Токвилдин «Америкадагы демократия» аттуу эмгеги эсептелет. Плюралисттик демократиянын теориясынын авторлору коомдогуэлдин эркинин бирдигинин бар экендигин жокко чыгарышат, анткени адамдар өз ишаракеттерин коомдук негиздерден эмес, жеке кызыкчылыктардан улам жасашат. Коом өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракеттенген социалдык топтордун жыйындысы катары каралат. Саясий жүрүш артыкчылыктар менен жыргалчылыктарды бөлүштүрүүдө талашка түшкөн көптөгөн «кызыккан топтордун» ортосундагы атаандаштык жана компромисс катары түшүндүрүлөт. Мамлекетке топтук кызыкчылыктарды макулдаштыруучу, оюн эрежелерин, мыйзамдарды сактоону камсыз кыла турган калыстын милдети ыйгарылат. Плюралисттик демократиянын башкы мүнөздөмөсү катары батыш саясатчылары эл өкүлдөрүнүн катышуусунда бийликтин өкүлдүк мекемелери аркылуу чечимдерди кабыл алуунун ачык мүнөзүн эсептешет. Демократиянын белгилүү аныктамапарынын бири АКШнын президенти Авраам Линкольн тарабынан берилген (1809-1865): «Демократия - бул эл шайлаган элдин эл үчүн башкаруусу».

Демократиянын партиципатордук теориясы (катышуу демократиясы) элдин бүтүндөй коомдун деңгээлиндеги жана анын ар кайсы чөйрөлөрүндөгү толук катышуу укугунан келип чыгат. Демократия, алардын ою боюнча коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө - үй-бүлөдө, окуу жайларында, өндүрүштө, партияда, мамлекетте уюштуруунун универ- салдуу негизи. Жарандар шайлоолорго, референдумдарга, чогулуштарга гана эмес, ошондой эле чечимдерди даярдоого, кабыл алууга жана ишке ашырууга, аларды аткаруу көзөмөлүнө да катышуусу керек. Жарандардын жигердүү катышуусунун башкы максаты коомду бардык жагынан демократиялаштыруу, саясаттагы элдин кызыкчылыгын катуу эсепке алуу болуп саналат. Жарандардын саясатка жигердүү ка- тышуусу демократиянын мүдөөлөрүн эл бийлиги катары ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Америкалык саясатчы Р.Даль полиархия теориясы деп аталган демократиянын жаңы концепциясын иштеп чыккан. Полиархия ой-пикири - бул саясий түзүлүштүн мүдөөсүнүн жаңы негизделиши. Полиархия «оппозицияга, өкмөттүн иш-аракеттерине карты тургандарга карата катуу чыдамдуулуктун, ошондой эле өкмөттүн жүрүш-турушуна таасир этүүгө катышуунун жана ар кандай расмий адамдарды тынчтык жолу менен кызматтан кетирүүгө кенен мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин» шарттайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8