Демократиянын мүнөздүү белгилери

Википедия дан

Демократиянын мүнөздүү белгилери -

  • 1) инсан укугу жана аларды конституциялык коргоо;
  • 2) эркин шайлоолор, алардын жардамы менен жарандар бийлик мекемелерин түзө алышат, кабыл алынуучу чечимдерге таасир бере алышат;
  • 3) кызыкчылыктардын өкүлчүлүгү, башкача айтканда элдин эркин алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу билдирүү;
  • 4) көп партиялуу тутумдун түзүлүш мүмкүндүгүн шарттаган саясий көп түрдүүлүк. Көп партиялуулук атаандашууга жана бийлик үчүн күрөшкөн, мыйзамдуу мүнөздөгү жана

мыйзам чегинде иштеген оппозициянын пайда болушуна алып келет;

  • 5) мыйзамдын улуктугу негизинин иштеши;
  • 6) парламентаризм институтунун болушу. Парламентте ар түрдүү кызыкчылыктар сунушталган; ал элдин эркин жар салууну камсыздоого чакырылган;
  • 7) бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана соттук деп бөлүнүшү. Бийлик бутактары бири-бирин тең салмактап жана көзөмөлдөп туруусу керек. Бийликтер бөлүнмөйүн коом диктатурадан, адам укугун бузуудан сырткары боло албайт;
  • 8) көпчүлүк маалымат каражаттарынын эркиндиги. Мамлекеттиктен тышкары мамлекеттик эмес газеталар, журналдар, теле жана радиокомпаниялар болушу керек. Эркин басма сөздүн болушу - бул ар түрдүү маалыматты алуу мүмкүндүгү болот, мунун негизинде адам өзүнүн саясий көз карашын калыптандырат.

Сөздүн толук маанисинде демократия ар кандай уюмдарды түзүү түрү катары каралат, ал анын мүчөлөрүнүн башкарууга бирдей катышуусуна жана чечимдерди кабыл алуусуна негизделет. «Демократиялаштыруу» термини коомдук турмуштун кайсы гана чөйрөсүндө болбосун күч-кыймылы жана мүнөздөмөсү үчүн пайдаланылышы ыктымал. Ошентсе да демократия негиздерин ишке ашыруу үчүн негиз болуп, коомдун саясий чөйрөсү жана саясий тутуму эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8