Демократтык принциптер

Википедия дан

Демократтык принциптер – демократтык саясий режим негиздеген принциптер. Демократия өзүнүн өнүгүшүндө бир катар принциптерди иштеп чыккан. Биринчи кезекте бул – элдик бийлик, эл бийликтин булагы, бийлик ал тарабынан тикелей же өкүлчүлүк формасында ишке ашырылат. Кеңири тараганы өкүлчүлүк формасындагы принцип, ага ылайык жарандар мыйзам чыгаруучу бийликти жана аткаруучу бийликти шайлашат.

Демократтык прициптин кийинкиси – чечимдердин көпчүлүк добуш менен кабыл алынышы. Мындан азчылыктын укугун коргоо принциби келип чыгат. Азчылык оппозиция түзүү укугуна ээ болууга тийиш. Жарандардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу демократтык прициптердин бирине кирет. Бул бийликтин бөлүнүшүнө негизделген укуктук мамлекет учурунда гана толук мүмкүн болот.

Демократиянын жана укуктук мамлекеттин дагы бир принциби – бул мыйзам алдында жарандардын теңдиги. Саясий атаандаштык жана плюрализм демократтык прициптердин бири, бийликке умтулган көптөгөн партиялар өздөрүнүн ар түрдүү программалары жана максаттары менен чыгышат. Шайлоо тууралуу атайын мыйзамдарга ылайык иштеген партиялар эркин, мезгилдүү, жалпы жана жашыруун шайлоолордун жыйынтыгында мамлекеттик жогорку бийликте бирин-бири алмаштырып турат.

Маалымдуулук принциби - демократиянын алмаштыргыс шарты. Ар бир адам өз оюн айтууга жана өзгөчө көз караш үчүн куугунтукка алынбашы керек. Массалык маалымат каражаттары өкмөттүк цензурадан эркин болот.

Чыдамкайлык принциби аң-сезимдүү прагматизм, кызматташтык жана компромисс – демократиянын негизги принциптерине кирет. Демократтык прициптер өтө эле көп. Демократтык прициптердин бардыгы ишке ашкан бир да өлкө жок. Демократтык прициптер – бул демократиянын модели, идеал, демократтык өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр бул идеалга жетүүгө аракет кылышат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8