Демократтык социализм

Википедия дан

Демократтык социализм – Социалисттик Интернационалдын расмий идеологиялык жана саясий доктринасы.

Демократтык социализм термини ХIХ к. аягында Германия, Австрия жана Улуу Британия жумушчу кыймылында пайда болгон. Демократтык социализм идеясы II Интернационалдын теоретиктери тарабынан, биринчи кезекте Э. Бернштейн жана «австромарксизмдин» өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан.

Демократтык социализм концепциясынын башкы тезиси социализмдин принциптери (капиталисттик эзүүгө каршы күрөш, социалдык адилеттүүлүк) менен либерализмдин баалуулуктарын бириктирүү жана анын негизинде прогрессивдүү социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүү жолу менен адилеттүү коомдук түзүлүшкө жетүү болуп саналат. Өз алдына саясий бийликти басып алуу жана пролетарий диктатурасын орнотууну максат кылып койгон II Интернационалдын большевиктик агымы менен демократтык социализм принциптери дайыма кармашып келген.

1917 ж. Россиядагы революциядан кийин демократтык социализм СССРде орногон коомдук түзүлүшкө альтернатива катары карап келген. Демократтык социализмдин кеңири концепциясы биринчи жолу Социнтерндин I Конгрессинде (Франкфурт, 1951 ж.) иштелип чыккан. Ага ылайык келечектеги социалисттик коом демократтык каражаттар менен түзүлгөн эркин коом катары сүрөттөлгөн. «Эркиндиксиз социализм болбойт. Социализм демократия аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн, демократияны камсыз кылуу социализм аркылуу гана болушу мүмкүн», – деп айтылат Франкфурт декларациясында.

Демократтык социализм концепциясына ылайык демократия – бул элдин башкаруусу, ал төмөнкүлөрдө камсыз кылат:

  • ар бир адамдын жеке турмушуна мамлекеттин мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн коргоо;
  • саясий эркиндиктер;
  • көпчүлүктүн башкаруусу жана азчылыктын укугун сыйлоо;
  • мыйзам алдында бардык граждандардын теңдиги;
  • маданий автономия укугу ж. б.

Акыркы мезгилдерде бир катар социал-демократтык партиялар «уюмдашылган» же «башкарылма» рынок концепциясын иштеп чыгышты. Демократтык социализмдин идеологдорунун сунуштарында жумушсуздукту азайтуунун жолдору көрсөтүлүүдө.

70–80-ж. күч алган глобалдык көйгөйлөрдүн таасири астында демократтык социализм концепциясы экологиялык программа менен толукталды. Социал-демократия идеясы жана демократтык социализм принциптери Кыргызстандагы саясий партиялардын өзгөчө Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын программалык документтерине да кирди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8