Демонополизация

Википедия дан

Демонополизация – атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган жана монополиянын функциясын чектөөчү экономикалык саясаттын чегиндеги иш-чара жыйындысы. Демонополизация, адатта, мамлекеттин эки багытта жүзөгө ашырылуучу монополияга каршы саясатынын натыйжасы болуп саналат. Биринчи багыт рынокторду ырааттуу эркин коё берүүнү түшүндүрөт. Жөнгө салуунун бул ыкмасы монополияга каршы алдын алуу чарасы катары колдонулат. Ал ири бизнес үчүн пайдасыз болууну көздөйт. Ошону менен катар эле чакан жана орто бизнести колдойт. Демонополизациянын экинчи багыты монополияга таасир этүү ыкмаларын бириктирет. Ал монополияга административдик көзөмөл чараларын камтыйт, анын ичинде‚ эгер монополияга каршы мыйзамдар аткарылбаса‚ бааны жөнгө салуу‚ продукциянын көлөмү жана сапаты‚ финансы санкциялары колдонулат. Кыргызстан да мамлекеттик монополизм үстөмдүк кылып келгендиктен‚ ал өзүнчө өзгөчөлүккө ээ‚ ошондуктан демонополизация негизинен монополияга каршы тура турган атаандаш рынок структурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1