Денеге залал келтирүү

Википедия дан

Денеге залал келтирүү - өлтүрүү максатын көздөбөй адамдын денесине залал келтирүү.

Денеге залал келтирүү оор жана жеңил болушу мүмкүн. Денеге залал келтирүү залдарынан адамдын өмүрүнө коркунуч келсе же өлүп калса, о. эле денесинин кандайдыр бир мүчөсүнөн айрылса, бойдон түшсө, жин ооруга чалдыкса, узак убакыт эмгекке жарамдуулугун жоготсо денеге оор залал келтирилген болот. Ал эми өмүргө коркунуч келбей, бирок ден соолуктан кыска убакытка ажыраса же эмгекке жарамдуулугунун учтен биринен азын жоготсо денеге жеңил залал келтирилди деп эсептелет.

Денеге залал келтирүү кара санатайлыктан же байкабастыктан жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.