Денисов Василий Фёдорович

Википедия дан

Денисов Василий Фёдорович - (1903, РФ, Оренбург – 1969, Фрунзе ) – генетик, айыл чарба илимдеринин доктору (1957), профессор (1958). 1926-ж. Оренбург айыл чарба техникумун, 1931-ж. Ташкенттеги Орто Азия зооветеринардык институтун бүткөн. 1933-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринардык илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери, институттагы бодо мал бөлүмүнө башчы, 1955–69-ж. КАЧИнин мал түрү боюнча зоотехния кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Мал генетикасы жана аргындаштыруу боюнча илимий эмгектери бар. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1