Денисов Сергей Прокофьевич

Википедия дан

Денисов Сергей Прокофьевич (12 (25). 12. 1909-6. 6. 1971) - эки жолу Советтик Союз Баатыры (1937, 1940), авиациянын генерал-лейтенанты (1940).

1930-жылдан КПСС мүчөсү. 1929-жылдан Советтик Армияда. Учкучтардын аскердик мектебин (1931) жана комкурамдын билим өркүндөтүүчү курсун (1939) бүтүргөн. 1936-37-ж. өз ыктыяры менен Испаниядагы жарандык согушка кеткен. Улуу Ата-Мекендик согуш убагында учкучтардын Качи аскер-авиация мектебинин начальниги, 1943-ж. февралдан 1944-ж. февралга чейин фронтто истребитель авиадивизиясына командачы. 1947-жылдан отставкада. СССР Жог. Советинин (1-шайл.) депутаты. Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, Александр Невский ордени жана медалдар, Монголиянын Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.