Денситометрия

Википедия дан

Денситометрия (лат. densitas - тыгыздык жана метрия) - фотография сенситометриясынын бир бөлүмү; анда өңүнө чыгарылган фотоматериалдарда жарыктын жутулушун жана чачырашын ченөө баяндалат.

Денситометриянын методдору өңүнө чыгарылган фотоматериалдардын карарышынын оптикалык тыгыздыгын (б. а. өңүнө чыгарылган плёнкада күмүштүн топтолушу боюнча жарыктын жана өңүнө чыгаргычтын фотоматериалга керсеткен таасирин) сан түрүндө аныктоого мүмкүндүк берет. Фотоматериалдын карарышында анын бетине күмүштүн топтолушу менен карарыштын оптикалык тыгыздыгынын байланышы сызыктуу газ карандылыкка жакын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.