Деркембаев Казыбек Асанович

Википедия дан

Деркембаев Казыбек Асанович (25.8. 1956, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Эмгекчил айылы - 2005, ошол эле жер) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.

  • К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн (1978).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы институтта кенже илимий кызматкер болуп баштаган. Кийинчерээк Нарын облусунун Кочкор районунда агроном (1979-82),
  • башкы агроном, Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында бөлүм башчы (1982-85),
  • Суусамыр совхозунда директор (1985-91),
  • Ысык-Көл - Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында начальниктин орун басары, «Долон» эл аралык бизнез борборунун директору (1991-96),
  • президенти, Нарын эркин экономикалык зонада генералдык директор (1996 -99),
  • Нарын облустук администрациясынын башчысынын орун басары (1996-97),
  • Нарын райондук администрация башчысы - акими болуп иштеген.
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1985), Манас эпосуна 1000 жыл эстелик медалы менен сыйланган (1995).
  • Нарын, Ысык-Көл облустарынын эл депутаты болуп 2 жолу шайланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9