Десмидиялуу балырлар

Википедия дан
Micrasterias radiata.

Десмидиялуу балырлар (лат. Desmidiales) - коньюгаттар бөлүмчөсүндөгү жашыл балырлардын катары.

Десмидиялуу балырлардын 25ке жакын уруусу, 2000 түрү бар. Микроскоп аркылуу көрүнүүчү бир клеткалуу Десмидиялуу балырларлын тиркелишкен узун формалары да кездешет. Десмидиялуу балырлардын клеткасы борборунда бир ядросу бар симметрнялуу 2 бөлүктөн турат. Ар бир бөлүгү хроматофорлуу. Конъюгация жана бир клетканын туурасынан экнге бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Десмидиялуу балырлар тузсуз сууларда, көбүнчө чым кондүү саздарда, аки ташсыз көлмөлөрдө. кээ бир түрү топуракта өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.