Детерминант

Википедия дан

Детерминант – сүйлөмдүн жалпы структурарлык тулкусуна тиешелүү болуу менен, аны толук жайылтуучу жана сүйлөмдүн тигил же бул мүчөсү менен жеке байланышпаган, сүйлөмдүн тигил же бул мүчөсүн коштобогон, аныктабаган синтаксема.

Детерминант сүйлөмдүн структурасындагы эркин синтаксема катары анын семантикалык структурасын түзүүдөгү зарыл компонент болуп саналат да, регулярдык реализациясын камсыз кылат. Сүйлөмдүн семантикалык структурасында семантикалык субъект, объект, атрибут, квалификатор катары сүйлөмдөрдүн структура-семантикалык жайылышын камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4