Деңиз жылдызы

Википедия дан

Деңиз жылдыздары (лат. Asteroidea) – омурткасыз деңиз жаныбарларынын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси 5, кээде көп (50гө чейин) нурчалуу жылдыз түспөлдөнүп кетет. Диаметри 1 смден 1 м ге чейин. Көпчүлүгү ачык түстө. Скелет пластинкалары ийнелүү, кылкандуу, тикенектүү. Денесинин кетилген, жоголгон жерлерин оңой калыбына келтирет. Деңиз жылдыздарынын 8 түркүмүнүн 1,5 миңден ашык түрү белгилүү. Деңиз, океандардын 10 кмге чейинки түбүндө тереңдикте кездешет. Айрым жыныстуу. Личинкалары эркин сүзөт, көбү жумуртка, кай бирлери тирүүлөй тууйт. Моллюскалар жана суу түбүндөгү омурткасыз жандыктар, балыктар менен азыктанат. Бутчаларынын жардамы менен жылат. Көбүрөөк белгилүүлөр – кычкачтуу, тарактуу, эбелектүү жана башка деңиз жылдыздары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]