Деңиз ташкыны жана тартылышы

Википедия дан
Деңиз ташкыны жана тартылышы.
Деңиз ташкыны.

Деңиз ташкыны жана тартылышы - Күн менен Айдын тартуу күчүнүн таасиринен деңиз деңгээлинин мезгил-мезгили менен кескин көтөрүлүп жана төмөндөп турушу.

Ай жана Күн бир сутканын ичинде 2 жолу деңиз ташкыны менен тартылуусун пайда кылат. Дүйнөлүк океанда ташкындоонун 3 түрү болот:

  1. жарым суткалык ташкындоо - ай суткасынын ичинде (24 с 50 мин) 2 жолу суунун толушу жана 2 жолу суунун азайышы;
  2. суткалык ташкындоо - ай суткасында 1 жолу суунун толушу жана 1 жолу суунун азайышы;
  3. аралаш ташкындоо - жогорку экөөнүн ортосундагы ташкындоо.

Акыркысы жарым суткалык туура эмес (ай суткасынын ичинде бири биринен кескин айырмаланган 2 жолу ташкындоо жана тартылуу болот) жана суткалык туура эмес (кандайдыр бир жерде Айдын эңкейиш бурчу эц чон сюлгондо суткалык ташкындоо, ал эми Ай экватор аркылуу өткөндө ошол эле жерде жарым суткалык ташкындоо болот) ташкындоо болуп экиге бөлүнөт.

Жарым суткалык жана жарым суткалык туура эмес ташкындоо көбүрөөк болуп турат. Ташкындоонун бийикт. ачык океанда 1 м ден ашпайт, бирок тар кысыктарда, булуң, бухталарда 14-16 м те жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.