Джаз

Википедия дан

Джаз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Луи Армстронг (джаз музыканты)

Джазафрикалык ритмдердин, европалык гармониянын таасири, африкалык жана латын америкалык фольклор элементтеринин кошулуусу менен өнүккөн музыкалык өнөрүнүн бир түрү. Джаз феномен катары XIX-кылымдын аягында жана XX-кылымдын башында АКШнын түштүгүндө пайда болуп, бат эле бардык өнүккөн өлкөлөргө тараган.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Свинг — оркестрдик джаздын стили 1920-1930-жылдардын аягында джаз музыкасынын африкалык жана европалык стилистикалык түрлөрүнүн синтезинин натыйжасында өнүккөн.

Симфоджаз — симфоджаз 1920-жылдары АКШда европалык, африкалык жана латын америкалык маданияттардын айкалышынын натыйжасында түзүлгөн. Европанын симфониялык салтынын эксперименталдык, эркин өнүгүп келе жаткан Америка музыкалык маданияты менен синтези чоң симфониялык оркестр менен джаз ансамблинин биригишинен симфониялык джаздын жаралышына алып келди.

Чарли Паркер, Бебоп стилинин калыптанышындагы негизги инсан

Бибоп — Джаз стили XX-кылымдын 40-жылдарынын башында Нью-Йоркто өнүгүп, заманбап джаздын доорун ачкан. Ал тез темп жана обонго караганда гармониянын өзгөрүшүнө негизделген татаал импровизациялар менен мүнөздөлөт. Кесипкөй эместерди жаңы импровизациялардан алыс кылуу үчүн Паркер менен Гиллеспи аткаруунун супер ылдам темптерин киргизген. Башка нерселер менен катар, бардык бебоперлердин өзгөчөлүгү үрөй учурарлык жүрүм-турум жана көрүнүш болуп калды: «Диззи» Гиллеспинин ийри чоору, Чарли Паркер менен «Диззи» Гиллеспинин жүрүм-туруму, Телониус Монктун күлкүлүү шляпалары ж.б.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]