Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич

Википедия дан
Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич
Туулган датасы:

1952-жылы

Туулган жери:

Чүй областынын Аламүдүн районунун Кара–Жыгач айылы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы; Кыргыз Республикасынын агартуусунун эмгек сиңирген ишмери

Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, Инженердик педагогиканын эл аралык коомунун (IGIP) профессору, Д.Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинин «Ардактуу доктору», Серикбаев атындагы Чыгыш Казахстан мамлекеттик техникалык университетинин «Ардактуу доктору».

Билими жана кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган, дипломдук практиканы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде өткөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1974-жылы Кара–Жыгач орто мектебинде математика сабагы боюнча мугалим болуп эмгектенүүдөн баштаган.

1976-1977-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетинде комсомолдук уюмунун катчысы болуп иштеген.

1977-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Академиясындагы Автоматика институтунун аспирантурасында окуган жана илимий кызматкери болгон. 1985-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

1999-жылы 01.01.05 – Суюктуктардын, газдын, плазманын механикасы адистиги боюнча физика-математика илимдеринин докторлук илимий даражасы үчүн диссертациясын жактаган.

1986-2000-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунун жогорку математика кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти жана кафедра башчысы болуп иштеген.

2001-жылы ага профессордук окумуштуулук наам ыйгарылган.

2000-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Илим жана интеллектуалдык менчик агентствосунун Илим башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген.

2003-жылдын ноябрынан баштап И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) Илим боюнча проректору болуп иштеген. 2005-жылы КМТУнун ректору болуп шайланган.

2010-2015-жылдары КМТУнун “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын башчысы болгон.

2015-жылдын ноябрь айында экинчи жолу КМТУнун ректору болуп шайланып, азыркы убакка чейин иштеп келе жатат.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Джаманбаев М.Дж. Жер астындагы гидросфераны математикалык моделдөө жана аларды сандарга чейин жеткирүүдө, жылуулуктарды өткөрүү, массалардын жылуу процесстеринин математикалык моделинин параметрлерин идентификациялоо методдорун, сандык-аналитикалык методдорду иштеп чыгарууда жана колдонмо маселелерин чечүүдөгү эл аралык бир топ ири илимий долбоорлорго катышкан.

Ал иштеп чыккан методиканын жардамы менен Бишкек шаарын суу менен камсыз кылган Орто-Алыштагы жер астындагы суулардын нитраттык булганышы жана анын көлөмүн аныктоо боюнча маселелер чечилген. «Кумтөр Оперейтинг Компани» Канадалык фирмасынын контракты жана Россиялык фундаменталдык изилдөөлөр фондунун (РФФИ) Россия Илимий Академиясынын Сибирдик бөлүмүнүн Тоо иштери Институту менен биргелешкен эл аралык илимий долбоорунун алкагында түбөлүк тоңдо жайгашкан Кумтөр алтын комбинатынын калдыктарды сактоочу жайдын таасири аркылуу тондордун эрүү жана зыяндуу суунун сарыгуу процессинин алдын-ала эсептөөлөрүн жүргүзгөн.

Эл аралык техникалык борбордун (МНТЦ) жер астындагы гидросферадагы булганычтарынын таралуусун прогноздоо боюнча эл аралык долбоорунун катышуучусу. Профессор М.Дж. Джаманбаев 100дөн ашык илимий иштерди, анын ичинде 2 монография жазып, жарыкка чыгарган. Анын илимий жетекчилиги астында эки аспирант кандидаттык диссертацияларын жакташкан жана азыркы учурда бир докторлук жана бир кандидаттык диссертациялар даярдалган, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий жетекчиси.

Сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы;

Кыргыз Республикасынын агартуусунун эмгек сиңирген ишмери.

Профессор Джаманбаев М.Дж. КМТУнун ректорлук кызматында иштеп жатып, Германиянын, Франциянын ЖОЖдору менен эл аралык байланыштарды өнүктүрүү аркылуу инженердик билим берүүнү жана кадрларды даярдоо маселелерин ийгиликтүү чечип келет. Бүгүнкү күндө Россиянын алдыңкы техникалык университеттери менен биргелешкен билим берүү программалары ишке ашырылып, бүтүрүүчүлөргө эки мамлекеттин диплому берилип жатат. Профессор Джаманбаев М.Дж. Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр-жайларында суюктуктардын, газдын жана плазманын илимий негиздерин өнүктүрүүнү практикалык колдонууга, ошондой эле КМТУдагы илимий иштерди активдештирүүгө чоң салым кошкон.