Диаспор

Википедия дан
Диаспор.

Диаспор (гр. diaspora - бытыроо, чачырап кетүү) - минерал; алюминий кычкылынын оксигидраты.

Ромб системасында кристаллданат. Өңү ак, саргыч же кызгылт ак, жашыл боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6-7. Салышт. салм. 3,36. Өтө кызытуудан корундга айланат. Диаспор негизинен руда минералы катары бокситтерде кезигет. Алюминийлүү тоо тектер менен минералдардын өзгөрүшүнөн пайда болот. Диаспор - алюминий рудасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.