Диаспора

Википедия дан

Диаспора (гр. diaspora таратуу, чачыранды болуу) - өз тарыхый мекенинен сырткары, башка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Диаспора зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, ошондой эле экономикалык жана социалдык себептердин натыйжасында пайда болгон. «Диаспора» термини алгач биздин заманга чейинки 6-кылымдын башында Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврейлерге, кийин башка этностук жана диний топторго карата колдонула баштаган. Диаспора өкүлдөрү жашап жаткан аймагында улуттук-маданий борборлорду түзүп, рухий маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жайылтуу, ата журту менен маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда да жашаган улуттардын диаспоралары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Батыш Европа, Америка жана башка өлкөлөрдө кыргыз диаспоралары катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5