Диафильм

Википедия дан

Диафильм (гр. dia – бул жерде башынан аягына чейин өтүү деген маани берүүчү сөз алды мүчө жана фильм ) – жалпы бир темадагы ак-кара жана түстүү сүрөттөрдөн түзүлгөн кыска метраждуу фильм. Диафильмди фильмоскоптун ичинен же диапроектор аркылуу экранга чагылдыруу менен көрөт. Диафильм окуу куралы катары лекция окуу жана үгүт-насыят иштеринде колдонулат. Диафильмдерди чыгаруу биринчи жолу Москвада 1930-ж. уюшулуп, «Диафильм» студиясында чыгарыла баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1