Диахрония

Википедия дан

Диахрония(гр. diа – аркылуу жана chrоnos – убакыт) – тил тармагынын тарыхый өнүгүшү жана аны изилдөө ыкмаларынын жыйындысы; синхронияга карама-каршы түшүнүк. Тил илиминде диахрония жана синхрония түшүнүгү тилди изилдөөдөгү эки мамилеге байланыштуу. Кээде диахронияны тарыхый-салыштырма тил илими менен алмаштырышат. Бирок тарыхый-салыштырма тил илими көбүнчө тил тарыхынын мезгилдерин жана анын майда система түзүүчүлөрүн аныктоого байланыштуу болсо, диахрония тил тармагындагы диахрондук өзгөрүүлөрдү иликтөөгө жана тилдердин өнүгүүсүндөгү негизги мыйзам ченемдүүлүктөрдү (универсалийлерди, константаларды) аныктоого, ошондой эле тилдин бир калыптан экинчи калыпка өтүүдөгү мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүнүн санын жана типтерин изилдөөгө багытталган. Тигил же бул тил тармагынын калыптануу жолун бир гана диахрония аркылуу түшүнүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1