Дивергент үчилтиги

Википедия дан

"Дивергент үчилтиги" (англ. Divergent trilogy) — америкалык роман жазуучу Вероника Рот тарабынан жазылган жаш өспүрүмдөрдүн илимий фантастикалык укмуштуу окуяларды камтыган романдар цикли. Кыяматтан кийинки Чикагодогу окуяларды чагылдырат. Үчилтик "Дивергенттен" (2011), "Көтөрүлүшчүлөрдөн" (2012) жана "Ишеничтүүдөн" (2013) турат. Буга байланышкан "Төрт" китеби үчилтиктеги каармандардын биринин көз карашы аркылуу баяндалган кыскача аңгемелерди камтыйт.

Үчилтиктеги коом өз жарандарын социалдык жана жеке сапаттарына карата аныктайт. Беш тайпадан турган коом көз карандысыз эркин жүзөгө ашырууга аракет кылгандар менен калктын коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жок кылат. Өз атын кийинчерээк Трис деп өзгөртүп алган Беатрис Приор Баш тартуу тайпасында туулуп, Эр жүрөк тапайсына кирет. Бирок өз жашоосун Дивергент катары улантыш керек болот. Өзүнүн чыныгы табиятын жашыруу менен Эрудиттер менен Эр жүрөктөр билип калса, өлтүрүлүп кетүү коркунучу менен жашайт.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]