Дивергент

Википедия дан

"Дивергент" (англ. The Divergent) - 2014-жылы Нэйл Бургер тарткан америкалык илимий-фантастикалык тасма. Кино Вероника Роз жазган ошол эле аталыштагы романга негизделген. Бул тасма "Дивергент" тасмаларынын биринчи бөлүмү жана анын продюсерлери: Люси Фишер, Поя Шабазиян жана Дуглас Вик. Ал эми сценарийин жазгандар: Ивен Догерти жана Ванесса Тейлор. Тасмада роль жараткандар: Шейлин Вудли, Тео Жеймс, Эшли Жюд, Рэй Стивенсон, Зои Кравиц, Милес Теллер, Тони Голдвин, Ансел Элгорт, Мэгги Кю жана Кэйт Уинслет. Окуя адамзатына таандык белгилүү күчтөргө жараша топ-топ болуп жашаган адамдардын жашоосун көрсөтүп, Чикагодо антиутопия жана акыры замандан кийинки убакытты баяндаган.

"Дивергент" 2014-жылы, 21-мартта Кошмо Штаттарда көрсөтүүгө чыккан. Тасма киносынчыларынын ар-тараптуу сындарына кабыл болсо да анын концептине жана уруштарга баа берилип, аткаруусу сынга алынган. Тасма чыккандан кийин 228 миллион АКШ долларын табуу менен, 85 миллион АКШ доллардык бюджетинен ашкан. Дивергенттин уландысы: "Инсургент" 2015-жылы, 20-мартта Кошмо Штаттарда көрсөтүүгө чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]