Заман

Википедия дан

Заман, доор, мезгилдин башталышы - адам коомунун өнүгүшүнүн белгилүү бир мезгили;

Римде кечил (монах) болгон Кенже Дионисий (500-545-ж.) Пасха күндөрүн эсептөөнүн жадыбалын түзүп (525-ж.), дүйнөлүк тарыхтын жыл эсебин Христос туулган күндөн баштоону сунуш кьшган. Христостун туулган күнүн Рим шаары негизделгенде (Варрондун (б.з.ч. 116- 27-ж.) эсептөөлөрү боюнча Рим б.з.ч. 753-ж.

21-апрелде негизделген) 753-ж. 25-декабры өткөндөн кийин деп белгиленген. Кийинчерээк X к. Кенже Дионисийдин бул жадыбалы Батышта кабыл алынып, буга чейинки ар түрдүү жыл эсептөөлөрдүн бардыгын сүрүп чыгарган. Христос туулган күнгө чейинки тарыхый окуялар биздин заманга чейин деп шарттуу белгиленип, жыл эсеби чоң сандан кичине санды карай саналат. Мис., Байыркы Греция тарыхында б.з.ч. 444-429-жж. Афины полисинин улуу демократы Периклдин урматына «Перикл заманы» деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8