Доллар

Википедия дан

Доллар (англ. dollar) — дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн валюталарынын аталышы.

Доллар Австралия, Белиз, Канада, Жаңы Зеландия, Намибия, Сингапур, Синт-Эстатиус, Сабу, Чыгыш Тимор, Пуэрто-Рико, Панама, Палау, Бруней, Бонайре, Британиялык Виргин аралдары, Багама аралдары, Бермуд аралдары, Суринам , Маршалл аралдары, Соломон аралдары, Америка Кошмо Штаттары, Сальвадор, Эквадор, Тайвань, Гонконг, Зимбабве, Фиджи, Микронезия Федеративдик Штаттары, Теркс жана Кайкос аралдары, Ямайка өлкөлөрүндө жана башка бир катар бөлөк өлкөлөрдө жүгүртүлүчү расмий валюталарынын аталышы.

Бир доллар жалпысынан 100 центке барабар.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул аталыш «талер» (нем. Taler) деген сөздөн келип чыккан. Биринчи жолу «доллар» (dollar) сөзү шотландиянын 1567-1571[1] жылдары чыгарылган куну 30 шиллинг болгон, «кылычтуу доллар» (англ. Sword Dollar) каймана аттуу монеталардын бир түрүнүн аталышы катары колдонулган. Доллар деген сөз Уильям Шекспирдин «Макбет»[2] (XVII кылымдын башы) пьесасында да кездешет:

« That now
Sweno, the Norways' king, craves composition:
Nor would we deign him burial of his men
Till he disbursed at Saint Colme's inch
Ten thousand dollars to our general use.
»

Доллар белгиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доллар белгисинин эволюциясы.
Доллар белгисинин эволюциясы.
Негизги макала: Доллар белгиси

Белгинин келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доллар белгисинин келип чыгуу тарыхында ар кандай теориялар, божомолдор жана уламыштар бар, бирок илимий жактан далилденген версиясы жок. Азыркы учурда көп айтылган версияларынын бири — доллар белгиси испан песосунан келип чыккан деген версия. «ps» кол жазма аббревиатурасын 1770-жылдардагы британиялык, америкалык, канадалык, мексикалык жана башка испан-америкалык иш кат алышууларынан кезиктирсе болот. «P» тамгасынан тик сызык гана калган, ал эми «S» тамгасы фон катары колдонулуп, жазуу ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берген деп божомолдонот.

Азыркы теориялар «US» жазуусунун өзгөртүлгөн вариантынан келип чыккан деп да карашат.

«Доллар» аталыштагы валюталар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөт Валюта коду Аталышы Жүгүртүү мезгили Өлкө Жүгүртүүдөгү номиналы
AUD Австралия доллары 1966-ж. баштап Австралия Бирлиги банкноттор: 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2 доллар
Файл:Bahamas 25 cents-2.JPG BSD Багама аралдарынын доллары 1966-ж. баштап Багама аралдары банкноттор: 1, 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 5, 10, 15, 25 цент
BBD Барбадос доллары 1973-ж. баштап Барбадос банкноттор: 2, 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 5, 10, 25 цент, 1 доллар
Файл:Belize 50 cents.JPG BZD Белиз доллары 1973-жылдан (Британиялык Гондурастын 1885—1973 жж. сыяктуу) баштап Белиз банкноттор: 2, 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 5, 10, 25, 50 цент, 1 доллар
BMD Бермуд аралдарынын доллары 1970-ж. баштап Бермуд аралдары банкноттор: 2, 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 5, 10, 25, 50 цент, 1 доллар
BND Бруней доллары 1967-ж. баштап Бруней банкноттор: 1, 5, 10, 50, 100
монеталар: 1, 5, 10, 20 жана 50 цент
жок Вест-инд доллары 1935—1964 Барбадос, Британиялык Гвиана, Тринидад жана Тобаго, Британиялык Шамал тараптагы аралдар, Британиялык Шамал алдындагы аралдар, Вест-Индия Федерациясы, Ямайка
XCD Чыгыш Кариб доллары 1965-ж. баштап Антигуа жана Барбуда, Доминика, Гренада, Монтсеррат, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Ангилья банкноттор: 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 2, 5, 10, 25 цент, 1 доллар
жок Гавай доллары 1847—1903 Гавайи
GYD Гайана доллары 1965 года-ж. баштап Гайана банкноттор: 20, 100, 500, 1000, 5000
монеталар: 1, 5, 10 доллар
HKD Гонконг доллары 1845 года-ж. баштап Гонконг банкноттор: 10, 20, 50, 100, 500 жана 1000
монеталар: 10, 20, 50 цент, 1, 2, 5, 10 доллар
ZWC Зимбабве доллары 1981—2009 Зимбабве 2009-жылдын 30-июнунда өтө жогорку инфляциядан улам Зимбабвенин резервдик банкынын чечими менен Зимбабве доллары жоюлган.
KYD Кайман аралдарынын доллары 1972-ж. баштап Кайман аралдары банкноттор: 1, 5, 10, 25, 50, 100
монеталар: 1, 5, 10, 25 цент
CAD Канада доллары 1858-ж. баштап Канада банкноттор: 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 5, 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2, 5 доллар
жок Кирибати доллары 1979-ж. баштап Кирибати банкноттор: нет
монеталар: 1, 5, 10, 25 цент, 1, 2 доллар
LRD Либерия доллары 1944-ж. баштап Либерия банкноттор: 1, 5, 10, 20, 50 жана 100
монеталар: 5, 10, 25, 50 цент, 1 доллар
жок Малай жана Британиялык Борнео доллары 1953—1969 Малай Федерациясы, Сингапур, Саравак, Түндүк Борнео, Бруней
жок Малай доллары 1939—1953 Бруней, Джохор, Кедах, Келантан, Перлис, Сингапур, Стрейтс Сетлментс, Тренгану, Федерацияланган малай мамлекеттери, Малай Бирлиги, Малай Федерациясы
Эл аралык доллар
жок Монгол доллары 1921—1925 Монголия (1911—1924) банкноттор: 10, 25, 50, 100
NAD Намибия доллары 1993-ж. баштап Намибия банкноттор: 10, 20, 50, 100 жана 200
монеталар: 1, 2, 5, 10, 20 жана 50 цент, 1, 2 жана 5 доллар.
жок Ниуэ доллары 2009-ж. баштап Ниуэ банкноттор: жок
монеталар: 5, 10, 20, 50 цент, 1 доллар
NZD Жаңы Зеландия доллары 1967-ж. баштап Жаңы Зеландия, Ниуэ, Кук аралдары, Токелау, Питкэрн. банкноттор: 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 10, 20, 50 цент, 1, 2 доллар
жок Ньюфаундленд доллары 1858—1949 Ньюфаундленд.
жок Кук аралдарынын доллары 1972-ж. баштап Кук аралдары банкноттор: 3, 10, 20, 50
монеталар: 10, 20, 50 цент, 1, 2, 5 доллар
жок Питкэрн аралынын доллары 1988-ж. баштап Питкэрн аралы банкноттор: нет
монеталар: 5, 10, 20, 50 цент, 1, 2, 5, 10, 25, 50, 250 доллар
жок Кысыктыр доллары 1904—1939 Стрейтс-Сетлментс, Бириккен Малай Султанаттары, Бирикпеген Малай Султанаттары, Саравак, Бруней жана Түндүк Борнео колониялары.
жок Родезия доллары 1970—1981 Зимбабве
жок Саравак доллары 1858—1953 Саравак
жок Түндүк Борнео доллары 1882—1953 Түндүк Борнео
SGD Сингапур доллары C 1967 Сингапур банкноттор: 2, 5, 10, 50, 100, 1000, 10000
монеталар: 1, 5, 10, 20, 50 цент, 1 доллар
SBD Соломон аралдарынын доллары 1977-ж. баштап Соломон аралдары банкноттор: 2, 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 2, 5, 10, 20, 50 цент, 1 доллар
USD АКШ доллары 1792-ж. баштап АКШ, Бермуд аралдары, Бонайре, Британиялык Виргин аралдары, Чыгыш Тимор, Зимбабве, Маршалл Аралдары, Палау, Панама, Пуэрто-Рико, Саба, Сальвадор, Синт-Эстатиус, Теркс жана Кайкос аралдары, Микронезия Федеративдик Штаттары, Эквадор банкноттор: 1, 2, 5, 10, 20, 50, 100
(ограничено 500, 1000, 5000, 10 000, 100 000)
монеталар: 1, 5, 10, 25, 50 цент, 1 доллар
жок КАШ доллары 1861—1865 КАШ банкноттор: 5, 10, 50 цент, 1, 2, 5, 10, 20, 50, 100, 500, 1000 доллар
4 пробные монеталар номиналом 50 цент; 12 пробных монет номиналом 1 цент
SRD Суринам доллары 2004-ж. баштап Суринам банкноттор: 1, 2Калып:Дробь, 5, 10, 20, 50, 100 доллар
монеталар: 1, 5, 10, 25, 100, 250 цент
жок Тайвань доллары 1946—1949 Тайвань
TWD Жаңы тайвань доллары 1949-ж. баштап Тайвань банкноттор: 100, 200, 500, 1000, 2000
монеталар: ½, 1, 5, 10, 50
TTD Тринидада жана Тобаго доллары 1964-ж. баштап Тринидад жана Тобаго банкноттор: 1, 5, 10, 20, 100
монеталар: 1, 5, 10, 25 жана 50 цент
TVD Тувалу доллары 1976-ж. баштап Тувалу банкноттор: жок
монеталар: 5, 10, 20, 50 цент, 1 доллар
FJD Фиджи доллары 1969-ж. баштап Фиджи банкноттор: 1, 2, 5, 10, 20, 50, 100
монеталар: 1, 2, 5, 10, 20, 50 цент, 1 доллар
жок Цзяо-Чжоу доллары 1907—1914 Цзяо-Чжоу
жок Эфиопия доллары 1945—1976 Эфиопия
JMD Ямайка доллары 1969-ж. баштап Ямайка банкноттор: 1, 2, 5, 10, 20, 50, 100, 500, 1000
монеталар: 1, 5, 10, 20
жок Жапон оккупациялык доллары 1942—1945 Сингапур, Британиялык Малайя, Түндүк Борнео, Саравак, Бруней, Бирма


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The History of the Silver Dollar
  2. «Макбет» пьесасындагы «доллар» деген сөзгө шилтеме