Дигрессия

Википедия дан

Дигрессия (лат.чегинүү, өзгөрүү) – адамдын чарбалык иш-аракетинен же чөйрө факторлорунун негизинде экосистеманын абалынын начарлашы. Экзодинамикалык (узак мөөнөттөгү суу каптоо, топурактын 2-жолу туздануусу жана башка пайда болот), антроподинамикалык (жайытта малды жаюу) жана эндодинамикалык (топурактын үстүнкү катмарынын биогендик шор басышы) дигрессия болуп бөлүнөт. Дигрессиянын акыркы фазасы – экосистеманын талкаланышы же болбосо толук жок болушу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1