Дидактикалык материалдар

Википедия дан

Дидактикалык материалдар– көрсөтмөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга жана оюнга байланыштуу тапшырмаларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иштерди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюштурулушуна байланыштуу педагогикалык адабиятка мектепке чейинки тарбия боюнча киргизилген. Дидактикалык материалдарга сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, тегерекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлардын үлгүлөрү; геометриялык фигуралардын жана тулку моделдери жана башка түрдүү деталдар кирет. Көрсөтмөлүү жана балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү дидактикалык материалдар болот. Дидактикалык материалдар сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө жана бышыктоодо, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле дидактикалык материалдар ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдонулушу мүмкүн. Мисалы, металлдан жасалган топтом черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуштарды аткаруу үчүн, ал эми математика сабагында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Башталгыч класстарда дидактикалык материалдар негизинен эне тили, орус тили жана математика сабактарында колдонулат. Мисалы, эне тили жана орус тили сабактарында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр жана кыска сүйлөмдөр жазылган карточкалар пайдаланылат. Дидактикалык материалдар класстагы бардык окуучулар менен же алардын айрым топтору, ошондой эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды башкалардан мурда аткарган ар бир окуучу менен жекече иштөөдө да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1